Кыргызстандык 15 окуучу "Эскерүү поезди" эл аралык долбооруна катышат

Билим 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандык 15 окуучу "Эскерүү поезди" эл аралык маданий-билим берүү долбооруна катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын атынан аталган долбоорго катыша турган окуучулар менен жолугушту.

Белгиленгендей, эл аралык маданий-билим берүү долбооруна катышуу үчүн окуудагы, чыгармачылык сынактардагы ийгиликтери, тарых боюнча облустук, республикалык олимпиадалардагы жеңиштери, мектептеги ыктыярчылыгы менен айырмаланган 10-класстын 15 окуучусу тандалып алынган.

Аземге 21-июнда Брест шаарында старт берилип, долбоордун 205 катышуучусу эскерүү поезди менен Улуу Ата Мекендик согушта согушкан ата-бабаларын эскерүү үчүн Беларусиянын жана Россиянын шаарларына барышат.

Пикир

Оставить комментарий