• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык 15 спортчу $500 стипендия ала баштайт. Кимдер?

Спорт 0

Бишкек, 22.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-майынан тарта 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчу стипендия алат.

“Буга чейин 10 стипендия болсо, бул жолкуда спортчулардын саны 15ке жетти. Теория боюнча стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражат азырынча түшө элек. Акча түшөрү менен спортчуларга каражат бериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Тизме:

1.Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;

2.Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;

3.Алибек Осмонов – эркин күрөш;

4.Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;

5.Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;

6.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;

7.Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;

8.Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;

9.Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;

10.Владимир Золоев – дзюдо;

11.Нурсултан Кенешбеков – жеңил атлетика;

12.Гульшаной Сатарова – жеңил атлетика;

13.Денис Петрашов – сууда сүзүү;

14.Бекдоолот Расулбеков – оор атлетика;

15.Нурадин Рустамбек уулу – бокс.

Пикир

Оставить комментарий