• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык 23 жаран Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандык 23 жаран Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушка жөнөтүлгөн жарандар министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан окуудан өткөрүлгөн.

Борбордон билдиришкендей, окутуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кореянын маданиятын жана тарыхын изилдөө аркылуу маданияттар аралык түшүнүүнү, кызматташууну илгерилетүү;
  • социалдык нормалар;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • корей коомуна жакшы интеграцияланууга жана кабыл алуучу тараптын кесиптештери жана жетекчилиги менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө жардам берген салттар.

Белгиленгендей, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында ийгиликтүү ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Программанын негизги талабы — корей тилин билүү.

Пикир

Оставить комментарий