Кыргызстандык 60тан ашык курсант чет элдик аскер окуу жайларга өтүштү

Коом 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык 60тан ашык курсант чет элдик аскер окуу жайларга өтүштү. Бул тууралуу Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик комитеттен белгилешкендей, 17-август күнү КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайында курсанттардын ант берүү аземи болуп өткөн.

"Кыргызстандан 60тан ашык курсант чет элдик аскер окуу жайларына өтүштү. Курсанттар Россия, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кытайда билим алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий