• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстандык абитуриенттер Кытай ЖОЖдорунан билим ала алат. Документтер кабыл алынууда

Билим 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн документтер кабыл алынууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кытайдын Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы жогорку окуу жайларда бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга 125 стипендиялык орун бөлдү.

125 орундун ичинен 50 оруну кытай тилин билбегендер үчүн тил такшалма жана бакалавр (1+4) программаларында окутууга бөлүнгөн.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн система аркылуу 2024-жылдын 25-июну саат 23:59га чейин “2024-2024-окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөөсү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Эскертүү! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

"Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (312) 62 15 19 номери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот", - деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий