Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов кычкылтек колдонбостон Макалу чокусун багындырды

Спорт 0

Бишкек, 03.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Ал мындай кубанычтуу кабар менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Макалу чокусу 8485 метр бийиктикте жайгашкан.

"Бул тоого кыргыз туусу 30-майда саат 9:30да көтөрүлдү. Ушул аябай оор чокуга кычкылтек колдонбой чыктым. Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу. Кара-Доо оор тоо болду, суук, шамал жана бийиктик. Жаратканым жеңишимди берди. Ушул жеңишимди элиме жана жериме арнадым. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүн унутпаңыздар. Дал ушул окуя көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшү менен байланышып турат. Мен президент Садыр Жапаровго берген сөздү аткарганыма кубанычтамын. Анткени мен биздин желекти дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиретүүгө убада бергем. Эми муну ишке ашырдым деп ойлойм" , - деди Эдуард Кубатов.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов 20-майда Гималай тоосундагы 8516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна кычкылтек колдонбостон чыккан.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Эдуард Кубатов менен 11-апрелде жолугушкан. Анда альпинист апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч - Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына кычкылтексиз чыгууну пландап жатканын айткан. Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалаган эле.

Пикир

Оставить комментарий