• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык альпинисттер Кабардино-Балкариядагы Ч.Айтматов атындагы жаңы чокуга чыгышты

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык альпинистер Сергей Селиверстов жана Михаил Даничкин 16-октябрда Кавказ тоолорунун аты жок чокуларынын бирине тарыхый чыгуу жасашып, ага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу кененирээк спортчулар бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Бардыгы план боюнча болдубу?

Аты жок чокуну багындыруу жана ага элдик жазуучунун ысымын ыйгаруу идеясын эки тарап тең колдогон. Жаштар ишери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдиргендей, анын максаты - эки залкар инсан – Чыңгыз Айтматовдун жана Расул Гамзатовдун достугун түбөлүккө калтыруу. Бирок башында башка чоку пландалган, кийин план өзгөрүлүп кеткен.

“Алгач башка чокуну багындыруу пландалган, бирок кар көчкү жүрүү коркунучунан улам бизди тосуп алган администрация менен бирге азыркы чокуну тандап алдык”, - деп билдирди альпинизм боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Сергей Селиверстов.

Кыргызстандык спортчулар жылдын жылуу мезгилинде ар бир дени сак адам чыга ала турган маршрутту түзүшкөн.

“Маршрут альпинисттер үчүн гана эмес, элдер үчүн дагы ыңгайлуу болушун эске алдык. Ар бир физикалык жактан даярдыгы бар адам жайында чыга ала тургандай кылдык”, - деди Селиверстов.

Анын айтымында, маршрут татаал эмес, бирок аябай узун. Физикалык жактан жакшы даярдыгы бар адам ага бир күндө чыга алат.

“Бизде аба ырайы менен байланыштуу көйгөйлөр болду. Бардык күнү жаан жаады. Бактыга жараша, бир күнү аба ырайы жакшы болуп, чокуга коопсуз чыгып келүүгө, жакшы сүрөттөрдү тартууга шарт түзүлдү”, - деди КРнын альпинизм боюнча спорт чебери Михаил Даничкин.

Ал жактан көрүнүш кандай?

“Чоку ал райондогу башка чокулардан жакшы айырмаланып турат. Ал эми чокуну кооз көрүнүштөр ачып турат”, - деди Селиверстов.

Анын спорттук союздашы Айтматов чокусу жайгашкан жер аябай кооз экенин, ага барып келүү керектигин белгиледи.

Чокуга чыгууну ким каржылады?

Аманкуловдун маалыматына караганда, альпинисттердин маанилүү максат менен Кабардино-Балкарияга саякатына 230 миң сом кеткен. Ал финансылык каражаттар президенттин аппаратынан бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Ал спортчуларды узак жолго президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев өзү 13-ноябрда мамлекеттик желекти тапшырып узатканын айтты. Ошондой эле бул процесс анын кеңешчиси Султан Раевдин көзөмөлү астында болду. Ал альпинисттердин миссиясы ийгиликтүү аяктаганын биринчилерден болуп кабарлаган.

“Спортчулар үчүн мындай бийиктиктеги чокуну багындыруу сыймык болду. Бул жерде кеп бийиктикте эмес, ага Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарууда”, - деди Аманкулов.

Ал Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда эле эмес, эл аралык деңгээлде дагы белгиленип жатканы кубанычтуу экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий