• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстандык байкоочулар Өзбекстанда өтө турган шайлоого көз салат

Коом 0

Ташкент, 24.09.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы күн мурун Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын байкоочуларын аккредитациялады.

Жалпысынан Өзбекстандагы шайлоого 1 миңден ашуун эл аралык жана чет элдик байкоочулар катышаары күтүлүүдө. Алардын 400гө жакыны 50 мамлекеттен, 500гө жакыны КМШ сыяктуу 21 эл аралык уюмдан.

Анын ичинде Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттеринин уюму жана 26 өлкөнүн шайлоо комиссияларынан 60 байкоочу келет.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу шайлоого толук масштабдуу миссиясы менен, анын ичинде 350дөй байкоочу менен катышууга ниеттенүүдө.

"Кыргызстандан Борбордук шайлоо комиссиясынын жана КМШ, ШКУ, ТМУ эл аралык уюмдарынын курамында байкоочулардын жоон тобунун келиши күтүлүүдө", — деп билдирет Өзбекстан БШКсынын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 27-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий