Кыргызстандык балбандар эл аралык рейтингдик мелдеште байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Polyák Imre & Varga János Memorial атындагы рейтингдик турнирде байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, аталган турнир Венгрия Будапешт шаарында өтүүдө.

Ошентип, 61 кг чейинки салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу күмүш байге утса, 57 кг чейинки салмакта Алмаз Сманбеков жана 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов коло медаль жеңишти.

Спорттук мелдешке Кыргызстандан жалпы 6 балбан катышууда. Алдыда кыргызстандык күйөрмандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг) жана Бекболот Мырзаназар уулунун (57 кг) беттештерине күбө болот.

Белгилей кетсек, 6-июнда башталган турнир 9-июнга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий