Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшүнүн балбандары Кытайда өтө турган Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдеш Сиань шаарында 23-28-апрель күндөрү болуп өтөт.
Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча мелдеште ондон балбан катышат.
Пикир
Оставить комментарий