• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык балбандар Олимпиадага жолдомо алыш үчүн Казакстанда өтө турган Дүйнө биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтө турган грек-рим жана эркин күрөш боюнча Дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан 22 спортчу барат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Дүйнө биринчилиги 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтөт.

Аталган мелдеште 1-5-орунду алган спортчулар 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Турнирге Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча 10 балбан, эркин күрөш боюнча 8 жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 4 спортчу катышат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева жана суучул Денис Петрашов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышкан.

Пикир

Оставить комментарий