Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Түркияда өтө турган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 23-28-февралда Стамбул шаарында болот.
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн курама командасы:
Айсулуу Тыныбекова 62 кг;
Мээрим Жуманазарова 68 кг;
Айпери Медет кызы 76 кг.
Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков;
Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.
Кыргызстандын эркин күрөшүнүн курама командасы:
Алмаз Сманбеков 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков 61 кг;
Икромжон Хаджимурадов 65 кг;
Эрназар Акматалиев 70 кг;
Алибек Осмонов 70 кг;
Исламбек Орозбеков 74 кг;
Арсалан Будажапов 79 кг;
Нуртилек Карыпбаев 86 кг;
Саякбай Усупов 86 кг;
Мирлан Чыныбеков 92 кг;
Музафар Жаппуев 125 кг.
Башкы машыктыруучу Русланбек Маджинов;
Улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу.
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн курама командасы:
Дастан Кадыров 63 кг;
Калы Сулайманов 67 кг;
Бекжан Конурбаев 72 кг;
Сүймөн Икрамов 72 кг.
Пикир
Оставить комментарий