• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн мелдеште 5 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 23.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык балдандар сумо күрөшү боюнча Түркияда өткөн мелдеште 5 медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун Түркиянын Кемер шаарында Бүткүл дүйнөлүк элита оюндары өткөн.

Анда, 115 кг жогору салмактык категория боюнча Тилек Усупов алтын медаль, Алмаз Эргешов коло медаль уткан. 100 кг чейинки категорияда Эмирлан Качкымбаев экинчи орунду ээлесе, Тилек Усупов абсолюттук салмак боюнча коло, ал эми Алмаз Эргешов күмүш медаль тагынган.

Балбандар эртең 24-октябрда Бишкекке кайтып келишет.

Пикир

Оставить комментарий