• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык бийчилер Россиядагы «Большой Приз Динамо-2017» эл аралык турниринде күмүш медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 10-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 3-5-мартта Москвада «Большой Приз Динамо-2017» XlX эл аралык спорттук-бал бийлери боюнча турнир өттү. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, турнирге дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 1 миң 581 жуп жана Россиядан 46 жуп катышты.

Кыргызстандык спортчулар Амир Бердалиев жана Вероника Тян Балдар 2 “Е” класс категориясында 32 жуптун ичинен күмүш медалга ээ болушту.

Рафаэль Тимирбулатов жана Сабрина Исманалиева Өспүрүмдөр 2+1 “Е” класс категориясында 3-орунду алышты.

Станислав Меркурьев жана Екатерина Сердюкова финалга чыгып, Өспүрүмдөр 2+1 “Е” класс Европа программасы категориясында 30 жуптун арасынан 6-орунга ээ болушту.

Белгилей кетсек, жаш спортчулар мындай кеңири эл аралык мелдештерде алгачкы ирет катышып жатышат.

Алар машыктыруучу Александра Кимдин тарбиялануучулары болуп саналышат.

Чоңдор+Жаштар категориясында латиноамерика программасында биздин жуп Кайрат Алгадаев жана Елизавета Макарова (машыктыруучусу Ирина Камарда) финалга чыгып, турнирдин 68 жуп катышуучусунун ичинен 4-орунду алышты.

Пикир

Оставить комментарий