• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык боксерлор Испанияда эл аралык мелдешке катышууда

Спорт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргыз стандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Испаниянын Ла-Нусия шаарында бокс боюнча “Boxam” Эл аралык мелдешине катышууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 30-январда башталган мелдеш 4-февраль күнү жыйынтыкталат.

"Бүгүн, 1-фервалда ¼ финалдык беттештер өтөт. 60 кг чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу индиялык мушкер менен беттеш өткөрсө, 71 кг чейинки салмак категориясында Сыргак Абдыжапар уулу польшалык спортчу менен, 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу бельгиялык, 86 кг чейинки салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу польшалык жана 92 кг чейинки салмакта Бакыт Токтосун уулу кубалык спортчу менен күч сынашат", - деп айтылат маалыматта.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:15те башталат.

Эскерте кетсек, курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий