• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык үч балбан кыз Россияда өткөн мелдеште коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Россияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды багынтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

“Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган XXXV эл аралык мелдеши Красноярск шаарында 25-28-январь күндөрү өткөн. Ага 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Байге фонду 7 млн рублды түзгөн мелдеште жалпы 20 комплект медаль ойнотулду.

Эл аралык мелдеште кыргызстандык үч балбан кыз коло медаль тагынды:

  • Калмира Билимбек кызы (59 кг);
  • Жаркынай Нурлан кызы (62 кг);
  • Нурзат Нуртаева (72 кг).

Курама команда улук машыктыруучуБайгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий