• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык дыйкандар айыл чарба товарларын Шанхайга түрк авиакомпаниясы аркылуу экспорттой алат

Экономика 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстандык дыйкандар айыл чарба товарларын Кытайга учак аркылуу экспорттой алышат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министрликте Түрк элчилигинин жана "Turkish Airlines" авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда Бишкек шаарынан Кытайдын Шанхай шаарына чейинки айыл чарба товарларын ташуу боюнча макулдашууга кол коюлда.

Анын жыйынтыгында түрк авиалиниясы менен Кытайга айыл чарба товарларын (жүктөрдү) жумасына 300 тоннага чейин ташуу каралган жана 1 килограммдын баасы 6-7 доллардан 1-1, 5 долларга төмөндөтүлгөн.

Министрлик бул макулдашуу Кыргызстандын атамекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга чоң салым кошот.

"Ал эми авиа каттам аркылуу айыл чарба товарларын ташуу боюнча бардык суроолорду Жанузаков Данияр Жумабековичге берсениздер болот. тел: 0312-623722 жана байланыш тел: +996 999 766655", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында бүгүнкү күндө бардык зарыл иш-аракеттерди жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий