Кыргызстандык дзюдочулар Азия менен Океаниянын биринчилигинде эки коло утушту

Спорт 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Азия менен Океаниянын дзюдо боюнча биринчилигинде кыргызстандык спортчулар 2 коло медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул мелдеш 19-22-апрель күндөрү Фуджейра шаарында (Бириккен Араб Эмирлиги) болуп өткөн.

Коло медаль уткан Артур Те менен Юрий Краковецкий таймаштарын 1/8 финалдан башташкан. Артур Те биринчи беттешин уткан, бирок кийинкисинде жеңилип калган. Бирок көңүл жубатуучу жана коло медаль үчүн болгон беттеште атаандаштарын жеңип чыккан.

Ал эми, Краковецкий алгачкы беттештеринин баарын жеңип, жарым финалдык беттешинде тажикстандык Тимур Рахимовго жеңилип калган. Бирок, коло медаль үчүн болгон таймашта атаандашына уттурган эмес.

Белгилей кетсек, бул мелдешке өлкөбүздүн атынан жалпы 8 спортчу катышкан. Тилекке каршы калгандар дзюдочулар байгелүү орунга илинген эмес.

Пикир

Оставить комментарий