• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандык дзюдочулар Ташкентте өткөн турнирде жакшы жыйынтык көрсөтүштү

Спорт 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Ташкентте (Өзбекстан) өткөн Гран-при сериясындагы турнирде эки медаль утушту.

Мелдештер 9нан 11-ноябрь күндөрү өткөн.

Алгачкы медалды Владимир Золоев багындырган. Ал 81 кг чейинки салмактык категорияда мелдештерге чыккан. Кармаштардын жыйынтыгы боюнча ал коло байгенин ээси болгон.

Ошондой эле турнирде Юрий Краковецкий өзгөчөлөнүп, 100 кг жогору салмактык категория боюнча мелдешке катышып, үчүнчү орунду ээлеген.

Ошентип Кыргызстан курамасынын байге куржунунда эки "коло" медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий