Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык эки тасма Казакстанда өтө турган "Байкоңур" кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фестиваль 4-8-сентябрь күндөрү Алматыда өтөт.
Ага Кыргызстандын атынан Данияр Абировдун "+51" жана Караш Жанышовдун "Кош бол" кыска метраждуу тасмалары катышат.
Пикир
Оставить комментарий