Кыргызстандык футболчу Адилет Каныбеков чехиялык клубга өттү

Спорт 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасынын оюнчусу Адилет Каныбеков Чехиянын “Дукла” командасына өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18 жаштагы футболчу Чехиянын футболдук лигасында (үчүнчү дивизион) ойнойт.

Белгилей кетсек, буга чейин Адилет Каныбеков Түркиянын “Бешикташ” командасында ойноп келген.

Пикир

Оставить комментарий