Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын капитаны жана Нурсулуу Мурзакулова өзбекстандык клубга өттү.
Кыз-келиндер арасында футбол боюнча ассоциациясынан билдиришкендей, Мурзакулова “Бунедкор” клубу менен келишим түздү.
Нурсулуу Мурзакулова “Алга” командасында ойноп, 2022-жылы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал мелдеште Мурзакулова мыкты оюнчу деп табылган.
Ташкенттин “Бунедкор” футболдук клубу Өзбекстандын суперлигасында ойнойт. “Бунедкор” командасы өлкөнүн беш жолку чемпиону, үч жолку вице-чемпиону, Өзбекстандын кубогун беш жолу утуп, Суперкубоктун ээси болгон.
Пикир
Оставить комментарий