• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык футболчу Шерали Юлдашев Литванын клубу менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/.Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын премьер-лигасындагы “Дайнава” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Өткөн сезондо Юлдашев Швециянын “Умео” клубунда ойногон. Ал 19 беттешке катышып, эки гол киргизип, бир голдук пас берген.

Шерали Юлдашев улуттук курамада 2022-жылдын 24-сентябрындагы Россия менен болгон жолдоштук беттеште дебют жасаган. Улуттук курама үчүн бир беттеш өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий