• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Кыргызстандык ѳнѳр чеберлери Самаркандда музыка фестивалына катышууда

Коом 0

Ташкент, 29.08.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандан "Манас" улуттук театрынын өкүлдөрү Самарканд шаарында өтүп жаткан "Шарк таронлары" ("Чыгыш обондору") эл аралык музыка фестивалынын сынагына катышты.

Ал эми ар улуттун салттуу музыкасы номинациясында артисттер Азиз Биймырза уулу жана Бакыт Акматов аткарган чакан программадагы "Манас" эпосунан үзүндүлѳр, комузда кол ойнотуп чертилген кыргыздын улуттук күүлөрү кѳрѳрмандардын купулуна толуп, майрамдык маанай жаратты.

Кыргыз артисттеринин аткаруулары кѳрѳрмандар тарабынан алкыштар жана кол чабуулар менен коштолду.

Эскерте кетсек, бул сынакка дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнөн 400дөн ашуун искусство чеберлери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий