Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен Кытайдын аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Тандоо "Кагор Черные глаза" шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген.
Жакында Кытайга Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө "Черные глаза" шарабы "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу жөнөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий