Кыргызстандык компания Өзбекстан элине гуманитардык жүк жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Күн мурун, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин көмөктөшүүсү менен Өзбекстан Республикасынын Сырдарья облусунун Гулистан шаарында Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган өзбек элине кыргыз элинин атынан «М Булак» кыргыз компаниясы тарабынан жиберилген гуманитардык жардамды тапшыруу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилигинен кабарлашты.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде КРнын Өзбекстандагы элчилигинин кеңешчиси Нурлан Жумалиев, Сырдарья облусунун акиминин орун басары Данияр Мадиримов, облустун прокурору Равшан Машарипов, облустун аксакалдары жана ММК өкүлдөрү катышкан.

Гуманитардык жүккө 20 тонна макарон, 20 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, 10 тонна шекер, 5 тонна ичүүчү суу, ошондой эле 10 тонна картошка кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек тарап Сырдарья облусунун элин кезектеги колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий