• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстандык компаниялар Кытайдагы эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кыргызстандык компаниялар Кытайдын Сиань шаарында 9-11-август аралыгында өтүп жаткан "Сиандагы Жибек жол - 2024" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган көргөзмөгө атамекендик 5 туристтик компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Кѳргѳзмѳнү Шэньси провинциясынын маданият жана Туризм департаментинин директору Гао Ян жана Кытайдын элдик саясий консультативдик конференциясынын Шэньси провинциясынын комитетинин төрагасынын орун басары Гао Лин ачып, Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты.

Иш-чара Шэньси провинциясынын маданият жана туризм департаменти жана Сиань элдик өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий