• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстандык мугалимдер жана окуучулар эл аралык фестивалда байгелүү орундарга ээ болушту

Билим 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-10-октябрь күндөрү Астана шаарында өткөн АSTAUfest-2024 V эл аралык гастрономия фестивалында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин устаттары жана окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту.

Билим берүү жана илим министрлигининен билидиришкендей, фестивалга Казакстан, Корея, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркиядан 95 тен ашуун өкүлдөрү катышып:

  • Айбике Батырканова 1-орун;
  • Давид Макарцев 2-орун;
  • Мирбек Абдилахатов 3-орун;

Өндүрүштүк окутуун устаттары Гулшод Исакбаева жана Баалы Абыкаева – 2-орундарга ээ болушту.

Ошондой эле, фестивалдын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейи менен Астана шаарындагы коомдук тамактануу жана тейлөө колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий