• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кайда кармалып тургандыгы белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Казакстанда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов Алматы облусунун Кара-Сай районундагы кабылдап-бөлүштүрүүчү жайда экендигин “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын элчилигине нота тапшыргандан кийин Казакстандын ТИМи Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте кыргызстандык музыканттын кайда кармалып тургандыгын аныктоого киришкен.

“Бүгүн, 10-январда, саат 08:30да мага Викрам Рузахуновдун кайда кармалганын билдиришти. Рузахунов учурда Кара-Сай районундагы кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлардын биринде. Ал менен жолугушууга Башкы консулдуктун кызматкери жөнөп кетти”, - деди ал.

Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

"Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп белгилешти министрликтен.

Азыркы учурда, Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий