• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Берлиндеги көргөзмөдө өз азыктарын тартуулашты

Экономика 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын “Мөмө” жемиш өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы жана “Ысмайыл”, “Сонун”, “Оско” жана “Клубмалина” компаниялары Fruit Logistica 2024 көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен кабарлашты.

Жыл сайын Берлин шаарында өтүүчү эң ири Fruit Logistica азык-түлүк көргөзмөсү бул ирет 6-9-февраль күндөрү өткөн.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз компаниялары өз продукциясын дүйнө жүзүнүн ар бурчунан келген компанияларга тартуулап, кызыгуу жаратышты.

Жыйынтыгында “Мөмө” ассоциациясы менен германиялык “Биолла-Хемикалс” компанисынын ортосунда кызматташууга меморандумга кол коюлду. “Биолла-Хемикалс” компаниясы кургатылган кулпунайдын алгачкы партиясын Кыргызстандан алууга буйрутма берди.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн аталган көргөзмөгө катышуусуна Кыргызстандын элчилиги көмөк көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий