Кыргызстандык окуучу Кытайда өткөн информатика боюнча олимпиадада күмүш байге утту

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Ян Бобрус информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан күмүш байге жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ян Бобрус "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу, аны мугалими Медербек Осмонов даярдап барган.

2024-жылдын 18-20-майында Кытайда өткөрүлгөн бул олимпиадага Азия-Тынч океан аймагындагы 35 өлкөдөн 286 окуучу катышкан. Кыргызстандын 7 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.

Пикир

Оставить комментарий