Кыргызстандык окуучулар Авиценна олимпиадасында 7 медаль жеңип алышты

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен экөө күмүш медаль жана бешөө коло медаль.

Күмүш медаль ээлери:

  • Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу;
  • Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин окуучусу;

Коло медаль ээлери:

  • Арсений Виноградов, Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу;
  • Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары;
  • Алан Кошмуратов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу;
  • Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу.

Белгилей кетсек, 9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий