• 87
  • 89.77
  • 0.79

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча олимпиадада 25 медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Кыргызстандык 25 мектеп окуучу биология боюнча Mendel’s Biology International Olympiad 2024 (MBIO 2024) олимпиадасында 3 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медалга ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиада дистанттык түрдө 8 өлкө арасында өткөн.

Жеңүүчүлөр:

1. Айбийке Базарбаева, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек шаарындагы UWIS мектебинин окуучусу – алтын медаль;

2. Дмитрий Рубан, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу – алтын медаль;

3. Нурсултан Увалиев, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – алтын медаль;

4. Улукбек Русланбеков, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу – күмүш медаль;

5. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School мектебинин окуучусу – күмүш медаль;

6. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI мектебинин окуучусу – күмүш медаль;

7. Саадат Султанова, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Сейтек STEM мектебинин окуучусу – күмүш медаль;

8. Атахан Исираев, "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинин окуучусу – күмүш медаль;

9. Рафаэл Сагынбаев, Бишкек шаарындагы American-European School мектебинин окуучусу – күмүш медаль;

10. Азим Абдылдаев, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – күмүш медаль;

11. Шерзат Жаныбаев, Ош облусундагы Ш. Жээнбеков атындагы Лицейдин окуучусу – коло медаль;

12. Эржан Асанов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – коло медаль;

13. Муса Турдубаев, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу – коло медаль;

14. Нурислам Алимов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу – коло медаль;

15. Элхан Акимов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Жайыл Баатыр атындагы Лицейинин окуучусу – коло медаль;

16. Абдирасул Исманов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Жайыл Баатыр атындагы Лицейинин окуучусу – коло медаль;

17. Эркайым Ашубаева, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Токмок «Үмүт» лицейинин окуучусу – коло медаль;

18. Ахмед Асанкалыев, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Жайыл Баатыр атындагы Лицейинин окуучусу – коло медаль;

19. Азизбек Кубанычбеков, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – коло медаль;

20. Арууке Жумадилова, Бишкек шаарындагы «Давха» мектебинин окуучусу – коло медаль;

21. Дастан Замирбеков, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу – коло медаль;

22. Чолпон Султанова, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Сейтек STEM мектебинин окуучусу – коло медаль;

23. Айтегин Сейдакматов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу – коло медаль;

24. Бирназар Айтпасов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – коло медаль;

25. Данияр Темиров, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин К. Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучусу – коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий