• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Балкан олимпиадасында беш медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Кыргызстандык төрт окуучу информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында (JBOI 2023) эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.

Жеңүүчүлөр:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу - күмүш медаль;

2. Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу - күмүш медаль;

3. Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу - коло медаль;

4. Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасына Кыргызстандан үч окуучу катышты. Команда жетекчиси – Кылычбек Урайымов, команда жетекчисинин жардамчысы – Медер Осмонов.

Пикир

Оставить комментарий