• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада 4 медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, эл аралык 41-Балкан математикалык олимпидасы 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өттү. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышты.

Сыйланган кыргызстандык окуучулар:

күмүш медаль:

– Ян Бобрус, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу;

коло медаль:

– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучулары;

- Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;

ардак грамота:

– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары.

Окуучуларды олимпидага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий