• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категориясында катышкан Хайитхон Хусан кызы финалдык беттештте өзбекстандык спортчу Фотима Тоирова менен кез келди. Аны 10:00 эсебинде жеңип, Азиянын чемпиону болду.

Ал эми Регина Саламатова 48 кг салмакта коло байгеге ээ болду.

Эркектер арасында 60 кг салмак категориясында Алихан Жумагулов , Темирлан Абдукаримов, 73 кг салмакта Маматибрагим Суранов коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 26-апрель күнү башталган 1-майда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий