Кыргызстандык спортчулар Болгариядагы турнирден 7 медаль жеңип кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Болгарияда өткөн Эл аралык Dan Kolov - Nikola Petrov аттуу турнирде грек-рим стили боюнча кыргыз мушкерлер 7 медаль жеңип келишти. Бул тууралуу күрөштүн биргелешкен дүйнөсү аттуу уюмдун сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, беттеш Русе шаарында 28-февралдан 3-мартка чейин өтүп, атамекендик спортчулар бир алтын жана алты коло медалын утушкан.

Кыргызстандык Мурат Рамонов аттуу спортчу 130 кг чейинки салмак категориясында финалда Египеттен келген Мохамед Абделатифти 9:0 эсебинде жеңген.

Ал эми Үзүр Жусупбеков (97кг), Жоламан Шаршенбеков (60кг), Рустам Тейишов (60кг), Асан Сулайманов (55кг), Руслан Царев (72кг) аттуу спортчулар “коло” медаль тагынышкан. Кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак категориясында Швециядан келген Йоханн Маттсонду жеңип “коло” медалын багындырган.

Пикир

Оставить комментарий