Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча БАЭде өткөн турнирде коло утту

Спорт 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев Бириккен Араб Эмираттарында өткөн ABU DHABI GRAND SLAM JIU-JITSU WORLD TOUR 2018-19 аттуу жиу-житсу боюнча турнирде коло медалын жеңген. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында айтылат.

Муртазалиев 77 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке чыккан.

Биринчи беттеште бразилиялык спортчу Гуттюрье Барбосага 7:2 эсебинде жеңишти алдырып койгон. Андан кийин Франциядан келген Жан Луи Мендоско 7:6 эсебинде жеңилип калган. Ал эми үчүнчү орун үчүн өткөн кармашта БАЭнын спортчусу 8:7 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болгон.

Жыйынтыгында биринчи орунду бразилиялык Гуттюрье Барбоса ээлеп, экинчини Хусеин Альрашид (Иордания), ал эми үчүнчү орунду кыргызстандык Муртазали Муртазалиев ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий