• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык спортчулар джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти

Спорт 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар 16-дүйнөлүк бразилиялык джиу-джитсу чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионат 6-16-ноябрь аралыгында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өттү.

Мелдешке 137 өлкөдөн 9 миңден ашык спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Top Team Kyrgyzstan клубунун спортчулары катышты. Аларды машыктыруучу Рахим Хиймамов жетектеп барды.

Клубдун спортчулары фестивалдык система боюнча балдар арасында жана өспүрүмдөр арасында төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээлешти:

Фестивалдык система (балдар):

  • Абдулазиз Шисыр (ак кур) — 1-орун, 10-11 жаш, 27 кг;
  • Абдураззак Киваза (ак кур) — 2-орун, 4-5 жаш;
  • Далил Хиймамов (боз кур) — 3-орун, 8-9 жаш, 24 кг;
  • Акмал Киваза (боз кур) — 3-орун, 8-9 жаш, 30 кг.

Өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионат:

  • Нур Али Шамузза (боз кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 30 кг;
  • Абдухалим Керимов (сары кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 27 кг;
  • Байхан Жекшенбеков (кызгылт сары кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 34 кг;
  • Салих Макеев (боз кур) — 3-орун, 14-15 жаш, 42 кг;
  • Ариф Хиймамов (жашыл кур) — 2-орун, 14-15 жаш, 46 кг;
  • Салим Хунлов (көк кур) — 3-орун, 16-17 жаш, 81 кг.

Пикир

Оставить комментарий