Кыргызстандык спортчулар таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда 10 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда ийгилик жаратты. Бул тууралуу аталган мелдеште алтын медаль жеңген Долдора Рахманова өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Мелдеш 14-18-ноябрда Польша өлкөсүндө өттү.

Кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 2 күмүш, 5 коло медаль жеңишти.

Баш байгени Келдибек Атайбек уулу (105 кг чейинки), Назия Майлибашева (85 кг чейинки) жана Дилдора Рахманова (85 кг жогору) алды. Азамат Асанов (60 кг чейинки) жана Айгерим Жайлобекова (65 кг чейинки) күмүш байгеге татыды.

Кудайназар Алимов (70 кг чейинки), Эмил Мусуралиев (90 кг чейинки), Русланбек Чыныбек уулу (80 кг чейинки), Ринад Асаналиев (125 кг чейинки) жана Айжан Анарбекова (85 кг чейинки) мелдеште коло медалды утушту.

Пикир

Оставить комментарий