Кыргызстандык спортчулар ушу боюнча эл аралык мелдеште 3 алтын медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар ушу боюнча "Алатаунун ушу жылдыздары – 2019" аталышындагы эл аралык мелдеште 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Салттык ушу федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлдү.

Кыргызстандык Элес Кокумбек кызы, Александр Цой жана Бекстан Исаев мелдештин алтын медалдарын жеңишти.

"Эл аралык мелдештерде кыргызстандык спортчулар бир катар алдыңкы орундарга илинип келген. Спортчулар ар кандай категорияларда катышып, ийгилик жаратышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий