• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстандык студенттер каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада жеңүүчү болушту

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Кыргызстандык студенттер Россиянын Сириус федералдык аймагында өткөн каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада жеңүүчү болушту.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, «Эл аралык мамилелер» номинациясында КРСУнун юридикалык факультетинин 2-курсунун магистранты Сезим Кубанычбекова 1-орунду, экономика факультетинин 4-курсунун студенти Айназик Мамаева 1-орунду ээледи. Ал эми Кыргыз-Орус Славян университети Финансылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадада “Экономика” номинациясында 1-орунду ээлеген.

Олимпиада 30-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүп, финалга 36 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий