• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык студенттер Түркияда “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” тууралуу маалымдашты

Коом 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык студенттер Түркияда “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” тууралуу маалымдашты, - деп билдирет univer.kg сайты.

27-апрелде Измир шаарында ар кыл өлкөлөрдүн 50гө жакын өкүлү катышкан чет элдик студенттердин жолугушуусу өттү. Катышуучулар конокторго өз өлкөлөрү, салт-санаасы жана маданияты тууралуу тааныштырышты.

КРнын атынан чыккан студенттин айтымында, көчмөндөр оюндарына кызыккан адамдар көп болгон. “Биз маалыматтык брошюраларды таратып гана тим болбостон, аларды сахнада да сунуштадык. Баарыбыздын бир тилегибиз болду – алдыдагы көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтсө деген. А биз өз кезегинде жардам беребиз”, - деп бөлүштү студент.

Пикир

Оставить комментарий