Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 20.09.23./Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Бул жолдомосун спортчу Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен алганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2016-жылы Рио жайкы олимпиадасына жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий