Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык тасма Ника-2019 сыйлыгынын "КМШ, Грузия жана Балтиянын мыкты тасмасы" наамына ат салышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.
Россиянын Кинематография искусствосу академиясынын сыйлыгына Кыргызстандын атынан "Мунабия" тасмасы көрсөтүлүүдө. Анын режиссеру - Таалайбек Кулмендеев.
Ошондой эле аталган сыйлыкты алууга Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Молдовадан келген тасмалар да ат салышууда.
Белгилей кетсек, сыйлыкты тапшыруу аземи 30-мартта Москва шаарында өтөт.
Пикир
Оставить комментарий