• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык тасма Түркиядагы студенттердин эл аралык фестивалында мыкты деп таанылды

Маданият 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык "Үчөө" ("Трое") аттуу кыска метраждуу тасма Түркиядагы студенттердин "Алтын баклава" эл аралык фестивалында мыкты деп таанылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Алтын баклава" фестивалы Түркиянын Газиантеп шаарында болуп өткөн.

Фестивалда "Мыкты тасма" деп таанылган тасманы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Аят Бакаева дипломдук иш катары тарткан.

Тасма Антон Чеховдун "Капчык" ("Бумажник") аңгемесинин негизинде тартылган.

Пикир

Оставить комментарий