• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык волейболчулар Борбор Азия чемпионатында Өзбекстандын командасын жеңди

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Кечээ, 19-августта Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жаткан борбор Азия чемпионатында волейбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешип, анда Кыргызстандын эркектер курамасы Борбор Азия чемпионатында өзбекстандын эркектер курамасын жеңип алды.

КР Волейбол федерациясынан билдиргендей, кыргызстандыктар башында 2:1 эсебинде алдыда келе жатышкан, бирок өзбекстандыктар эсепти теңеп, андан кийин чечүүчү 5-партия башталган. Бул бөлүктө кыргызстандыктар кайрадан 15:13 эсебинде жеңишти камсыздашып, оюнду жеңип алышты. Жалпы эсеп – 3:2.

Эскерте кетсек, мындан мурда кыргызстандыктар казакстандык спортчуларга 2:3 эсебинде жеңилишип, тажикстандын курамасын 3:0 эсебинде жеңип алышкан. Топтук этаптын оюндарынын жыйынтыгында жарым финалдын катышуучулары аныкталат, оюндар 21-августта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий