• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстандык ырчы Москвадагы Романсиаданын финалына чыкты

Маданият 0

Бишкек, 27.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстандык Ольга Севостьянова "Романсиада" орус романстарын жаш аткаруучулардын XXVIII эл аралык сынагынын финалына чыкты. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги Маданият жана илим борборунан билдиришти.

Мелдештин финалы 1-декабрда Москвада өтөт. Ага Азербайжан, Болгария, Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 12 аткаруучу өткөн.

Финалисттер классикалык, модерн жана салон романстарын аткарышат. Финалдын биринчи турунда Ольга П.Чайковскийдин "Скажи, о чем в тени ветвей" романсын, экинчи турда Р.Бойко менен С.Есениндин "Удел желанный" романсын, ал эми үчүнчү турда Б. Фоминдин "Моя золотая" романсын аткарат.

Ольга Севостьянова К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 3-курсунун студенти. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Маданият министрлиги менен Россиянын Бишкектеги маданият жана илим борбору тарабынан уюштурулган “Борбордук Азия роман оюндары” сынагынын лауреаты болгон.

Мелдештин финалы 1-декабрда Москвада өтөт. Ага Азербайжан, Болгария, Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 12 аткаруучу өткөн.

Пикир

Оставить комментарий