Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Катарда өтө турган жеңил атлетика боюнча Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдеш 21-24-апрель күндөрү Катардын Доха шаарында болуп өтөт.
Кыргызстандын атынан Азия биринчилигине 11 спортчу катышат. Алар 100 метрден тарта 10 миң метрге чейинки жарыштарга катышышат.
Пикир
Оставить комментарий