Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Жаа атуу боюнча Кыргызстандын курама командасы эл аралык Alpomish va Barchinoy мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Улуттук курама команданын мүчөлөрү 22-27-февралда Ташкент шаарындагы мелдешке катышат. Аталган мелдеште жаа атуу боюнча курама командасы төмөнкү курамда күч сынашат:
1. Асел Шарбекова;
2. Улукбек Курсаналиев;
3. Айтурган Маматкулова;
4. Жибек Канатбек кызы;
5. Азим Осмоналиев;
6. Диана Канатбек кызы.
Пикир
Оставить комментарий